Читать книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп онлайн
Классикалык накыл сөздөргө түшүндүрмөлөрдү жана комментарийлерди жазууда көптөгөн маанилүү адабий булактардан жана компетенттүү баамдардан пайдаландык, алардын авторлоруна терең ыраазычылык билдиребиз. Биздин өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздүн чектелүүлүгүнөн улам китепте сөзсүз түрдө айрым так эместиктер жана кемчиликтер орун алган, ошондуктан сын пикирлери жана оңдоолору үчүн баардык окурмандарга алдын ала ыраазычылык билдиребиз.
Авторлор тобу апрель 2018 ж.
ЭЛДИ СЫЙЛОО ЖӨНҮНДӨГҮ БӨЛҮМ
Эл менен кандуу байланышты сактоо – партиянын туруктуу милдети. ККПнын XIX съездинде жолдош Си Цзиньпин мындай деп баса белгиледи: «Баштапкы максатка ишенимдүү болгула жана бардык иште аягына чейин ээрчигиле. Кытайлык коммунисттердин түпкү максаты жана миссиясы – Кытайдын элинин бактылуу болушун камсыз кылуу жана Кытайдын улуттук кайра жаралышын ишке ашыруу». Жогоруда айтылгандар кытайлык коммунисттердин бүткүл ишин аныктоочу жана кытай кыялын турмушка ашыруунун кыймылдаткыч күчүнүн булагын көрсөткөн фундаменталдуу идеяны түшүнүүнүн сапаттык жаңы деңгээлине жетүүнү камсыз кылат.
Кытайлык өзгөчөлүктөргө ээ социализм жаңы доорго кадам таштоодо, анда кытай коомунун негизги карама-каршылыгы элдик жыргалчылыктын тынымсыз өсүшүнө болгон муктаждыгы менен өнүгүү процессинин бирдей эмес мүнөзүнүн жана жетишсиз даражасынын ортосундагы карама-каршылыкка айланган. Билим берүүнүн сапатын, жумуштун туруктуулугун, кирешенин, социалдык кепилдиктердин ишенимдүүлүгүн, саламаттыкты сактоо жана медициналык тейлөөнүн деңгээлин жогорулатуу, экологиялык эстетика… адамдардын жакшы жашоого умтулуусу жана өзүн-өзү ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү көксөгөндүгү – бул биздин күрөшүбүздүн максаты.
Жолдош Си Цзиньпин дал белгилегендей: «Элдин таламдарына негизделген өнүгүү идеологиясын катуу кармануу маркстик саясий экономиянын негизги позициясын аныктайт».
Инновацияларды стимулдаштыруу жана өнүгүүнүн кыймылдаткыч күчтөрүн активдештирүү багытындагы реформалар же шаарлар менен айылдардын, райондор менен шаарлардын, экономика менен саясаттын, эки цивилизациянын өнүгүүсүнүн биримдигин айтсак болот. Бул ошондой эле айлана-чөйрөнүн булганышын болтурбоо, жашоонун жагымдуу чөйрөсүн түзүү боюнча адамдардын күтүүлөрүн канааттандыруу же ички жана тышкы өнүгүүнүн өз ара байланышын камсыз кылуу боюнча күч-аракеттерди топтоо жөнүндө болушу мүмкүн. Бирок бардык учурларда «жаңы бышырылган пирог ар кимдин ортосунда калыстык менен бөлүштүрүлүшү керек», башкача айтканда, эл жогорку баалуулук катары таанылганда жаңы өнүгүү идеологиясы башынан аягына чейин ачык айтылган элдик багытка, массанын жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган болууга тийиш.