Читать книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп онлайн
Лю Юйси менен Бо Цзюйи бир эле жылда – биздин замандын 772-жылы туулган. Жылдар ичинде акындар бири-бирине чыгармаларын тартуулашып, атүгүл «Лю менен Бодун ырларынын альманахы» аттуу биргелешкен поэзия жыйнагын чыгарышкан. Тан императору Вэнь-цзундун (836-ж.) «Кайчэн» («Жетишкендиктердин башталышы») деген ураандын астында башкаруусунун биринчи жылынын күзүндө 64 жаштагы Лю Юйси такты мураскорунун коногу катары борбор шаар Лоянга келген, Бо Цзюй да ушул кезде ошол жерде болгон. Башында Бо Цзюй «Карылык жөнүндө Мэн Дэге белек ыр» деген ырды жараткан: «Мына биз экөөбүз карып калдык жана өзүбүзгө суроо берип жатабыз: кары болуу кандай деп? Көрүү начарлап, түндө эрте уктоого тартат, баш иретсиз, чач таралбайт. Кээде үйдөн чыгып кетем, анда да таякка таянып, бирок көбүнчө кечке чейин үйдө бекинип отуруп калам. Тунук күзгүгө кароого өтө жалкоомун, ал эми китептерден кичине тамгаларды окуу да азаптуу. Барган сайын эски досторумду эстейм, мурдагы жаштыгымдын калдыктары байкалбайт. Ал эми менде жалан курулай жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр үчүн гана энергия калды». Поэмада автор улгайган адамдардын физиологиялык жана психологиялык белгилерин кеңири сүрөттөп, өзүнүн пессимизмин ачык айткан.
Бо Цзюйнин көңүлү чөккөн жана пессимизминен айырмаланып, Лю Юйсинин поэтикалык жообу жашоону тастыктайт. Тактап айтканда, «Күн нурлары тыт менен карагайдын башын гана жарык кылып, күндүн батышын кабарлайт деп айтпа. Батып бара жаткан күндүн нуру дагы эле асманды кочкул өң менен жарыктандырат» деген жакшы мүнөздү жана оптимизмди, ошондой эле автордун жашоого болгон активдүү жана позитивдүү көз карашын толук чагылдырган миң жылдык тарыхы бар атактуу сөзгө айланган.
Жүрөгүңүз үстүнөн бийлигиңиз болбосо, чексиз асманды багынта албайсыз.
Цитата «ККПнын XVIII съездинде ККП БКнын тартипти камсыз кылуу боюнча комиссиясынын 6-жалпы заседаниесинде сүйлөгөн сөзүндө» жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
Келтирилген ырдын автору Цин акыны Гун Цзычжэнь. Өз сөзүндө Си Цзиньпин бул акындын дагы бир ырынан: «Жүрөк – дененин кожоюну жана акылмандыктын башкаруучусу» деген фразаны келтирет. Эки сөз тең бир ойду билдирет: жүрөк – ой булагы, рухтун негизи, жакшылыктын төрөсү, адамдын бардык ниетинин, иш-аракетинин башталышы. Адамдын ой жүгүртүүсү жана иш-аракетинин мүнөзү анын ички дүйнөсү менен аныкталат. Таза жүрөк, бийик ой адамды «жүз ууга кол тийбес» кылып, ага түгөнгүс күч-кубат берет. Ар кандай иш жан менен жасалууга тийиш, жан куч-кубаттын булагы болуп кызмат кылууга тийиш, жанды күрөшкө жумшоо керек, жан пландарды орундатуунун ачкычы болуп калууга тийиш.