Читать книгу Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг. онлайн
Республиканын бардык райондорундай эле Тянь-Шань районунда да сугат аянты көбөйүүдө. Райондун айдоого жарактуу аянттары улуу Нарын дарыясынын боюна жайгашкандыгына карабастан, буга чейин суудан өтө эле кемчил болуп келген. Миң жылдар бою не бир жайык талаа-түзөңдөр шор басып жаткандыктан, азыркы гүлдөп жаткан Куланактын талаасын «Туздун талаасы» деп ата-бабаларыбыз өксүү менен айтып келишкен.
Райондун сугат жерлерин көбөйтүү 1941-жылы чоң Нарын каналын куруу менен башталды. Шаар- ды аралап зоока-таш, жар бойлоп кеткен бул каналдын сыйымдуулугу 2,5 куб. м/сек. суудан ашпагандыгына карабастан, аны куруу өтө татаал болгон. Каналдын курулушуна көпчүлүк эл катышып, кыска мөөнөттө бүткөрүлгөн. Натыйжада азыркы Карл Маркс атындагы колхоздун 1595 гектар аянтын сугарууга мүмкүнчүлүк түздү. Муну менен катар Каптал-Арык, Топон-Арык, Байдулу, Кажырты, Жаңы-Арык, Алыш, Узун-Арык, Он-Арча каналдары биринин артынан бири жалпы элдик кыймылдын негизинде бүткөрүлүп, сугат аянттары көбөйө баштады.
Айрыкча сугат системасындагы бурулуш «Куланак» насостук станциясы менен «Он-Арча» насостук станциясынын биринчи жана экинчи кезектерин бүтүрүүдөн кийин болду. 15 млн. сомдон ашык капиталдык салымдардын жумшалуусу менен бул эки насостук станция райондун «Куланак», Куйбышев атындагы, «Коммунизм», «Эмгекчил» кол хоздорунун бозоруп жаткан талааларын көк жашыл өрөөндөргө айландырды.
Азыркы багыт Соң-Көлдүн суусун пайдаланууга жумшалууда. Ошентип миңдеген жылдар бою какырап жаткан Кара-Талааны өздөштүрүү үчүн 4,664 млн. сомдук каражат жумшалуу менен Кажырты насостук станциясы курулуп жатат. Бул насостук станция миң гектар кара топурактуу Кара-Талааны өздөштүрүп, тажрыйба станциясына Тянь-Шань мал чарба жана «Жаңы-Талап» колхозуна жаны сугат жерлерди кошот.
Кийинки кездерде майда ирригацияны пайдалануу, көчмө насостук станцияларды куруу, табигый булактарды пайдалануу иши кызуу жүргүзүлүп жатат. Азыркы кезде 28 көчмө насостук станция иштеп, «Ленинчил жаш» жана «Тешик» деген суу сактоочу көлмөлөр курулууда.