Читать книгу Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг. онлайн
Райондун сугат аймактарынын кеңейиши менен бирге айыл чарбасынын дүн продукциясы өсүүдө.
Көрүлгөн бардык чаралар колхоздордун жана совхоздордун жумушчуларынын, адистердин берилип иштешкен зор жумуштары, партиялык, советтик уюмдардын уюштуруучулук иштери, партия менен өкмөттүн күн сайын берген жардамы дыйканчылыктын маданиятын көтөрүүгө мүмкүнчүлүкту түзүп, мурда көчмөн болуп келген тоо айылында жерди агротехникалык жетишкендиктердин негизинде иштөөгө, б. а. илимий дыйканчылыкка багыт алынды.
Жогорку таблицадан көрүнүп тургандай айдоо аянтты көбөйтүү менен дандын дүн түшуму жогорулай баштады.
Тармактык жалпы территориялык бөлүштүрүүде Тянь-Шань району республикада мал чарбачылыгын өстүрүү жана анын продукциясын өндүрүүгө багытталган ири район болуп эсептелет. «Ак-Сай», «Арпа», «Соң-Көл», «Кара-Кужур», «Солтон-Сары» сыяктуу атактуу жайыттарга ээ болгон Тянь-Шань районунда 500 миңге жакын койлор, 12 миңден ашык бодо мал, 10 миңден ашык жылкылар өстүрүлөт. Мамлекетке эт, жүн сатуу боюнча республиканын ири райондорунун бири.
Айыл чарбасынын тармактарын адистештирүүну туура айкалыштыруу айыл чарбасынын бардык системасын өнүктүрүүнү күчөтүүнүн негизин түзөт. Райондо айыл чарба өндүрүшүнүн туура адистештирилиши коомдук эмгекти үнөмдүү пайдаланууга, өндүрүлгөн продукциянын бирдигине аз чыгым жумшоого жана продукцияны өндүрүүнүн көлөмүн өстүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк ачат. Мунун өзү, эмгек чыгымдарын жүк ташуудан үнөмдөөнүн, айрыкча айрым айыл чарба өсүмдүктөрүн жана мал чарбасынын тармактарын туура жайгаштыруунун, райондо бул маселелер үчүн ыңгайлуу жаратылыш жана экономикалык шарттардын болушунун натыйжасында жетишилет. Биздин райондун шартында адистештирүү маселелерин үйрөнүү жана киргизүү бардык чарбалардан мал чарбасын, айрыкча кой чарбасын өстүрүүгө адистештирүүнү туруктуулук менен талап кылды.
Тянь-Шань районунда 1930-40-жылдарга чейин кылчык жүндүү кыргыз кара койлор өстүрүлгөн. Ошол жылдарда азыркы Октябрь революциясы ордендүү «Жаңы-Талап» колхозуна (беш колхоздон ирилештирилген «Тогуз-Булак» колхозуна) бир короо меринос тукумундагы ак койлор алынып келинген. Аны Чөкүтаев Исакка (азыр пенсионер, коммунист) өткөрүп беришкен. Жаңыдан келген койлор жаңы жерден жакшы конуш алды. Кыргыздын кылчык жүндүү койлоруна караганда төлду жана жүндү арбын берди. Исак жакшы көрсөткүчтөргө жетишип, Москвадагы айыл чарбасынын алдынкыларынын Көргөзмөсүнө катышты. Анын өз аты калып, айылдаштары Чөкүтаевди «Ак-койчу» деп аташкан.