Читать книгу Келечекке умтулуу. Опыт подъема сельского хозяйства и общего уровня жизни в Тянь-Шаньском районе Нарынской области, 1975—85 гг. онлайн
Жолболдунун эмгеги өкмөтүбүз тарабынан жогору бааланып Ардак белгиси ордени менен сый- ланган. Ал Бүткүл союздук эл чарба көргөзмөсүнүн катышуучусу. Онунчу беш жылдыкты 4 жылда аткаруунун үстүндө иштеп жаткан демилгечилердин бири. Анын бүгүнкү күндөгү үзүрлүү иши эмгек жолун жаңыдан баштаган ондогон улан-кыздарга, районубуздагы бүткүл малчыларга сөзсүз өрнөк боло алат.
Райондогу даңазалуу чабандардын катарына «Куланак» колхозунан Сулайманова Алтынды ко- шууга болот. Алтын «Кыргыз ССРинин мал чар- басына эмгеги сиңген мастер», он бир баланы тар- биялап өстүргөн «Баатыр эне», Эмгек Кызыл Туу жана Октябрь революциясы ордендеринин кавалери. Партиянын Нарын обкомунун, Тянь-Шань райкомунун мүчөсү. Мына ушулардын өзү Алтындын эмгегин даңазалап, анын коомдук жана өндүрүштук иштердеги жүзүн көргөзүп олтурат.
Районубузда Алтындын жолун жолдогон бир канчалаган кыздар өз алдыларынча чабандык кесипке отуп көпчүлүгү үзүрлүү эмгектенип жатышат. Буларга Акматова Бурулду, Омушова Бурулсунду Султанова Светаны, Кытапова Жумагүлдү жана башкаларды кошууга болот.
Социалисттик мал чарбасынын мастери, Эмгек Кызыл Туу ордендүү Куйбышев атындагы колхоздун жылкычысы Бакасов Шоңко он эки жыл бою ар жүз тубар бээден 100ден кулун алуу менен областтын жылкычыларынын ичинде алдынкы орунду бербей келе жатат. Эң алыскы кыштоолордун бири болгон Оорук-Тамда Жданов атындагы колхоздун кой фермасынын башчысы Алсеитов Абышка, Ак-Сай өрөөнүн мекендеген Жданов атындагы колхоздун ферма башчысы Такырбашов Дүйшөнакундар жөнүндө жылуу сөз айтуу кубанычтуу.
Колхоздук өндүрүштүн областтын аймагынан тышкары таанымал жетекчилери: 20 жыл башкармалык постуда келе жаткан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин мүчөлүгүнө кандидат, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки жолку депутаты, «Жаңы-Талап» колхозунун председатели Дайракунов Эсенаалы, областтык Советтин депутаты, «Куланак» колхозунун председатели Калназаров Кайып, ветеринардык илимдердин кандидаты Тянь-Шань мал чарба тажрыйба станциясынын директору Касымбеков Бейшебай, Он-Арча селолук Советинин председатели Суранова Күмүш, Чет-Нура селолук Советинин председатели Бекжанов Бейшенаалы, «Коммунизм» колхозунун председатели Усупбеков Садык, Жданов атындагы колхоздун партиялык комитетинин секретары Мамытов Акимша жана колхоздун башкармасынын председатели Какематов Зайдин колхоздук өндүрүштү жогорулатуунун, массаны мобилизациялоонун таланттуу уюштуруучулары болуп эсептелишет.