Читать книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп онлайн

Заманбап доордо, атүгүл жердин эң алыскы булуң-бурчтарында да, дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен ыңгайлуу жана ыкчам байланышуу үчүн сизге интернетке кирүү гана керек. Интернет Aлибабанын казынасы болобу же Пандора кутучасы болобу бүткүл дүйнөлүк тармакты биргелешип башкаруу механизмин иштеп чыгуу маселесинде адамзаттын жалпы тагдыры жакшы эркти алдын ала аныктайбы, ошого жараша болот. Мына ушул ойлордун негизинде Си Цзиньпин Глобалдык Интернет боюнча II Эл аралык конференциянын ачылыш аземинде «Төрт принципти» – Интернеттеги негизги укуктарды сыйлоо, тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо, ачыктыкты жана кызматташтыкты өнүктүрүү, баарына жагымдуу тартипти орнотууну сунуштады. Бул принциптер толугу менен Интернетти башкаруунун глобалдык системасында реформаларды алга жылдырууга багытталган.

ОРИГИНАЛ

Эгерде Асман асты империясында баары бири-бирин сүйсө, мамлекеттер бири-бирине кол салбаса, үй-бүлөлөр бири-бирине кысым көрсөтпөсө, анда уурулук, талап-тоноочулук токтойт, ал эми падыша менен вазирлердин, ата-баланын мамилесинде, берилгендик жана моюн сунуу мамилеси, кайрымдуулук жана сүйүү орноп, Асман асты империясында тынчтык өкүм сүрөт. Мамлекетти толук акылман башкаруучу башкарып турган болсо, эмне үчүн элди касташуудан тыйып, элди жалпы сүйүү жолуна багыттабайт? Ошентип, ааламдык сүйүүнүн аркасында гана Асман асты империясында тартип келип, өз ара жек көрүүнүн натыйжасында тартипсиздик пайда болот. Ошондуктан Мо-цзы мындай дейт: «Бул адамдарды ааламдык сүйүүнүн жолуна үйрөтпөй коюу мүмкүн эместигин түшүндүрөт».

Мо-цзы, «Мо-цзы» трактаты, «Цзянь ай» («Универсалдуу сүйүү») бөлүмү, 1-бөлүк», «Чуньцю» («Жаздар жана күздөр») мезгили – «Чжанго» («Согушуп жаткан падышалыктар») мезгили

КОММЕНТАРИЙ

«Универсалдуу сүйүү» философ Мо-цзынын окууларынын фундаменталдык концепциясын түзөт. Мо-цзы «Жаздар менен Күздөр» мезгили менен «Согушуп жаткан падышалыктар» доорунун түйүнүндө жашаган, ал мезгилде «тополоң өкүм сүрүп, каракчылар башкарып, болуп жаткан окуяларды токтотууга эч кандай жол жок» эле. Трактаттын автору баш аламандыктын келип чыгышы «жалпыга бирдей сүйүүнүн жоктугунда» деп эсептеген жана ошондуктан «жалпыга бирдей сүйүү жана өз ара пайда» идеясын Асман асты имперясында улуу тынчтыкты калыбына келтирүүнүн кепилдиги катары койгон. Асман асты империясын башкаруунун негизи – бул «жалпы сүйүү».

Вход Регистрация
Войти в свой аккаунт
И получить новые возможности
Забыли пароль?