Читать книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп онлайн

Си Цзиньпин мисал катары Ханчжоу шаарындагы Сиху көлүнүн окуясын көп келтирет. Бардык тарыхый оош-кыйыштарды башынан өткөргөн Байди жана Суди дамбалары адамдарды шыктандырган маданий эстеликтер гана эмес, андан да көбүрөөк деңгээлде – шаарды өнүктүрүү концепциясын элестетет. Эгерде илгеркилер бул жерлерди кылдаттык менен кайтарышпаса, «Асманда жанат бар, жерде Сучжоу, Ханчжоу бар» деген сөз кылымдар бою кантип өтүп кетмек? Азыркы муун бул жөнүндө терең ойлонушу керек.

ОРИГИНАЛ

Байыркы убакта башкаруучу Хуань-гун Гуань Чжунга: «Биз башкаруучу борборду куруу үчүн жерди кантип эң жакшы тандай аларын билгибиз келет?» – деп сураган. Буга Гуань Чжун мындай деп жооп берген: «Мага, татыксызга, канчалык деңгээлде билүү берилгендигин билбейм, бирок басып алган жерлерге падышалык кыла алгандардын акылмандыгы бар. Абдан акылдуу башкаруучу шаарды түптөө үчүн түзөңдүү, түшүмдүү жана бай топурактуу жерлерди тандашы керек. Калктуу конуш тоого жанаша, оң жана сол тарабында аккан же токтоп турган суу болушу керек. Шаардын чегинде чоң дарыялардан суу алып келүү үчүн каналдар курулат……»

«Гуан-цзы» трактаты, «Ду ди» бөлүмү («Жерден пайдалануу»)

ТҮШҮНДҮРМӨ

«Гуань-цзы» трактатынын «Ду ди» («Жерден пайдалануу») бөлүмү суу ресурстарын башкаруу боюнча идеяларды көрсөтүүгө арналган. Ци башкаруучусу Хуань-гун менен болгон маегинде ойчул Гуан-цзы: «Жакшы башкаруучу эң оболу өлкөнү беш кырсыктан арылтышы керек, анын эң чоңу – суу стихиясынан келүүчү кырсыктар» деген насаатын айтып, андан кийин тиешелүү ченемдик укуктук актылардын жана чаралардын бүткүл комплексин сунуш кылат.

Тактап айтканда, Гуан-цзы суу ресурстарын пайдаланууда жеңилдик факторун толук эске алуу менен шаарларды курууну сунуштап, мындай дейт: «Толугу менен акылман башкаруучу түзөңдүү, түшүмдүү топуракта жайгашкан жерлерди тандашы керек. Калктуу конуш тоого жанаша, аккан же токтоп турган суулардын ортосунда болушу керек». Түп нускада сөздөрдүн үстүнөн ойноо колдонулат: «жайлаштыруу» деген сөз «жанаша болуу», «кошуна болуу» деген сөз менен үндөш болуусу абзел. Жалпы түшүнүк акылдуу башкаруучу шаар курууда рельефи тегиз, топурагы берекелүү, жаратылыш тартуулаган жерлерди тандашы керек дегенди билдирет. Калктуу конуш суу менен камсыз кылуу үчүн сол жана оң тарабында дарыялар, көлдөр же башка суу объектилери тургандай кылып тоого жакын жайгашууга тийиш. Гуан-цзи ошондой эле шаарларда дарыяларга туташтырылган суу канал системаларын курууну сунуш кылат.

Вход Регистрация
Войти в свой аккаунт
И получить новые возможности
Забыли пароль?