Читать книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп онлайн

Цитата «Кытайдын кыялын ишке ашыруу үчүн биргелешип аракеттенүү жөнүндөгү» Индиянын тышкы иштер боюнча советинин заседаниесинде сүйлөгөн сөзүндө жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.

ТҮШҮНДҮРМӨ

«Элге кайрымдуулук көрсөтүш керек, эл сага кайрымдуулук көрсөтүүсү үчүн, элге айкөлдүк көрсөтүү керек, эл сага кең пейилдүүлүк көрсөтүүсү үчүн» деген сөз конфуцийчиликтин жолдоочулары үчүн маанилүү турмуштук принципти билдирет. Бул принцип адамдарга болгон кең пейилдүүлүктү камтыйт, адам өзүн өзү ойлогон сыяктуу башка адамдарга камкордук кылуу жана эл менен ынтымакта жашай турган абалга жетишүүсүн көздөйт. Си Цзиньпин бул байыркы конфуцийдик накыл аркылуу Кытайдын башка өлкөлөр менен бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып, прогресс жолу менен алга жылууга умтулуусун билдирген жана кытай элинин өз ара пайдалуу кызматташууга жалындуу умтулуусун ачыктаган.

Адамдарга кайрымдуулук көрсөтүүдө, эң негизгиси, башка адамдарга өзүңдөй мамиле кылуу, адамдарга айкөлдүк кылуу. «Элге көрсөткүңүз келген талаптарды өзүңүзгө көрсөтүшүңүз керек. Өзүңүзгө каалаган жумшактыгыңыз элге көрсөтүлүшү керек». Башкача айтканда, өзүнүзгө көбүрөөк талап коюу жана адамдарга азыраак талап коюу, айланаңызга көбүрөөк адамдарды чогултууга мүмкүндүк берет. Адамдарга айкөлдүк көрсөтүүдө эң башкысы өзүн башка адамдардын ордуна коюу, адамдарга жакшылык тартуулоо. Өзүңүз жылуу болгондо, Асман асты империясында сууктан жапа чеккендер да бар экенин эстен чыгарбоо керек; өзүңүз молчулукта жашап жатканыңызда, Асман асты империясында да ачарчылыктан жапа чеккендер бар экенин эстен чыгарбоо керек. Эл жөнүндө дайыма чын ыкластуу ойлор – карапайым эл ысыкта же суукта жашабайбы, карапайым граждандардын үй-бүлөсү кубанычта же кайгыда жашабайбы – масса үчүн чындап камкордук көрүү, элге кызмат кылуу жөндөмдүүлүгүн ырастайт.

Философ Мэн-цзы мындай деген: «Ошондуктан, мээримдүүлүктүн жайылышы төрт деңиз чегиндеги ар бир адамды сүйүүгө жана коргоого жетиштүү. Мээримдүүлүктү жайылтпай туруп, өз аялын жана балдарын да сүйүп, коргоо мүмкүн эмес». Жетектөөчү партиялык кызматкер үчүн адамдарга өзүнө кылгандай мамиле кылуу, адамдарга айкөлдүк көрсөтүү жөндөмү партиялык кызматкердин коомдогу орду менен анын турмуштук максатынын ортосунда принципиалдуу байланышты түзүп, мамлекетти башкарууда жана өкмөттүк укуктарын колдонууда анын баалуулуктарын жана багыттарын калыптандырат.

Вход Регистрация
Войти в свой аккаунт
И получить новые возможности
Забыли пароль?