Читать книгу Си Цзиньпин: классикалык цитаталар жана сюжеттер. Экинчи китеп онлайн
Конфуцийчиликтин жолдоочулары үчүн «Асыл адам өзүнө баарынан жогору талапты коёт» деген принцип инсанды өркүндөтүү жана мүнөздү тарбиялоо процессинин маңызы болуп саналат». Конфуций айткан: «Асыл адам көбүрөөк өзүнөн талап кылат, начар адам көбүрөөк башкалардан талап кылат». Ошондуктан, Конфуций «эл сени тааныбайт деп кабатыр болбо» деп, «асманды күнөөлөп, адамдарды күнөөлөбөш керек» деп баса белгилеген. «Адегенде өзүңө талап кой» демекчи, өзүңүздүн кемчиликтериңизди, каталарыңызды аныктап, андан соң жетишпеген жерин толуктап, туура эмес жериңизди оңдоңуз деп баяндайт.
Адам ишенимге ылаайык болбосо, кантип чыныгы адам болоорун билбейм.
Цитата Пакистандын парламентиндеги «Кытай менен Пакистандын жалпы тагдырларын түзөлү, өз ара пайдалуу кызматташтыкка жаңы жол ачкыла» деген сөзүндө жана башка бир катар эмгектерде келтирилген.
ТҮШҮНДҮРМӨ
Кытайдын интернет коомчулугунда Пакистанды «Ба те» деп аташат, бул «пакистандык достор жана бир туугандар болот сыяктуу ишенимдүү» деп которулат. Кытай менен Пакистандын ортосундагы достук – бул чын ыкластуу ишенимге жана чын ыкластуу берилгендикке негизделген мамиле, эки өлкө кыйынчылыкта жана сыноодо бири-бирине жардам берип, элдердин ортосундагы достук мамилелердин эталону болуп саналат. Си Цзиньпин 2015-жылдын 21-апрелинде Пакистан парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Кытай-Пакистан достугунун тарыхына жаңы олуттуу саптарды жазды. Баяндама бар болгону 35 мүнөткө созулду, бирок айрыкча кытай-пакистандык достук мамилелерге арналган баяндаманын үзүндүсүндө 50 жолудан ашык дүркүрөгөн кол чабуулар менен коштолуп турду.
Адамдардын ортосундагы мамилелер жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер алардын негизинде жаткан негизги принциптер, баалуулуктар жана түшүнүктөр жагынан окшош. Мамилелердеги ишенимдүүлүк жана ишенимге болгон муктаждыкты кандайдыр бир «милдеттүү минимум» деп атоого болот. «Ча Дао жол жээгиндеги дарактан курмага тоюп, дарактын белгисиз ээсине жакын жерге акча таштап кеткен» же «Юань Ши убадасында туруп, миң миль аралыкты басып өткөнү» жөнүндөгү аңгемелер чынчылдыктын жана ишенимдүүлүктүн үлгүсү катары байыркы убактан бери буга чейин эле айтыла баштаган. Бирок кээ бир адамдар үчүн милдеттүү минимумду аткаруу өтө кыйын. Чыныгы турмушта кээ бир адамдар ар кандай азгырыктардын таасири астында чынчылдык, милдетке берилгендик сапаттарынан баш тартышат. Ишенимсиз адамдар башкалардын ишенимин жоготуп, жашоодо ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгүнөн ажырап, акыры өздөрүнө зыян келтиришет. Ишенимсиз адам иш-аракет кылууга жөндөмсүз, ишенимсиз эл өзүнүн ордун таба албайт, ишенимсиз мамлекет бийликти ишке ашыра албайт деп айтууга болот.